10:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жаңы директор дайындалды

Айгүл Мамбетказиева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Дайындоо тууралуу буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Эске салсак, музейде 27-ноябрда феминале өтүп, анда жылаңачтанган кыз-келиндер коомчулуктун нааразычылыгын туудурган. Жыйынтыгында музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан бошотулган.

Айгүл Мамбетказиева 1955-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган (1973-1978). Алгачкы эмгек жолун Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде иштеп баштаган. Бүгүнкү күндө ал аталган музейде башкы сактоочу болуп эмгектенет.

 
Эң көп окулган жаңылыктар