10:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мигрант: Орустардын музейин кайтарам, жылаңачтанган аялдарды эч көрбөдүм

Беш жылдан бери орустардын музейин кайтарып, бир да жолу жылаңач аялдардын жүргөнүн көрбөдүм. Бул тууралуу Шамурза Бөрүкулов аттуу жаран соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал көпчүлүк эмгек мигранттары сыяктуу эле Орусияда иштеп, шаардагы «Моя история» деген тарыхый музейди кайтарып жатканын айткан.

«Мен беш жылдан бери орустардын музейин кайтарып, бир да жолу жылаңач аялдардын жүргөнүн көрбөдүм. Бул музейге бала бакчадагы балдарды, окуучуларды, студенттерди, жоокерлерди экскурсияга алып келишет. Ээрчишип сүйүшкөн жаштар, дем алганы шаардын тургундары, меймандары келишет. Ар кандай иш-чаралар: жолугушуулар, жаңы нерселердин бет ачарлары өтөт. Музейдин кызматкерлери жомоктогу каармандардын кийимин кийишип, жаш наристелерге оюн-зоок уюштуруп беришет. Орустар балдарды жаш кезинен мекенди сүйүүгө тарбиялашат», — деп жазган ал.

Шамурза Бөрүкулов Кыргызстандагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги феминаледе жылаңачтанган кыз-келиндердин кылыгына нааразы болуп, экс-президент Роза Отунбаеванын дарегине сөз айткан.

«Сиздин акыл өлчөмүңүз менен карай турган болсок, орустар да музейдин баркына жетпеген мырктар, искусствону түшүнбөгөн жапайылар экен да. Бөрк ал десе баш алып европалыктардан да өтүп кеттиңер. Уятыңыз болсо экс деген макамды тапшырып, башкалардай тиричилик кылыңыз», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте 27-ноябрда башталган алгачкы феминале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналып, аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын алкагында өткөрүлдү.

Бул иш-чара коомдо кызуу талкууга алынып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында митинг өткөн. Анда музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматтан бошотулганы маалымдалды.

Эң көп окулган жаңылыктар