10:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Министр: Юристанбек Шыгаев келтирилген чыгымдарды төлөп берет деп ишенем

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Улуттук сүрөт өнөр музейинин мурунку директору Юристанбек Шыгаев келтирилген чыгымдарды төлөп берет деп ишенет. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине айтты.

Анын айтымында, министрликтин комиссиясы ревизияны аяктады. Материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. «Комиссиянын иштеринин жыйынтыгы тууралуу азырынча эч нерсе айта албайм. Алар кийинчерээк ачыкка чыгат. Келтирилген чыгымдарды четинен Юристанбек Шыгаев жаба баштады. Аталган сумма тууралуу кийин маалымат берилет», -деди министр.

Эске салсак, Юристанбек Шыгаев өргүү алып, андан ары кызматтан кетүү тууралуу арызын ЖМКда чыккан маалыматтан кийин жазган. ЖМК анын музейден белгилүү 2 сүрөттү алып чыгып кетип, кайра бузулган абалда алып келгенин жазып чыккан. Бирок, Юристанбек Шыгаев аталган сүрөттөрдү кайра калыбына келтирип берем деп убада кылган. Ал бул кадамы үчүн айрымдардын сынына кабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар