07:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Борбор калаада балаты базары иштей баштады

Бишкекте Медеров менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, базарда ийне жалбырактуу дарактардын түрү, кызыл карагай, арча, туя жана башкалар сатылууда.

«Балатылардын тамыры топурагы менен кошо сатылат, мындай учурда алардын тамырларына доо кетпей, жаңы чөйрөдө жашап кетет. Жаңы жылдык майрамдан соң балатыны короого, гүлбакчага, көчөлөргө отургузса болот», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар