08:32
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Асел Кодуранова ИИМге суракка чакырылды

Жогорку Кеӊештин депутаты Асел Кодуранова ИИМге суракка чакырылды. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина социалдык баракчасына жазды.

Маалыматтарга таянсак, күч түзүмдөрүнүн төрт өкүлү Асел Кодуранованы суракка алып кетишкен. Ал УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча сурак берет.

Эске салсак, Кой-Таштагы мурунку президенттин үйүндө күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышып, бир канча киши жабыркаган. Анда 1 киши октон каза таап, дагы бири оор абалда комада жатат. Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын 6 кишисин барымтага алып, аларды кечээ кое беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар