13:25
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстандык 2 жаш ырчы Молдовада өткөн сынак-фестивалда 1-орунду ээлешти

Кыргызстандык 2 жаш ырчы Молдовада өткөн «Кынтэ-Инима» аттуу эстрада ырчыларынын эл аралык сынак-фестивалында биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу жеңүүчүлөрдүн бири Рустам Русланов 24.kg агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, ал 26 жаштан жогорку катышуучулар арасында биринчиликке ээ болду. Ал эми 26 жашка чейинкилер арасында Расул Асангазиев алдыңкы орунду камсыздады.

Сынакка ар кайсыл өлкөдөн келген 10дон ашуун ырчы катышкан. Кыргызстандыктар статуэтка, дилом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Эске салсак, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук үйүнүн эстрадалык-фольклордук ансамблинин солисти Рустам Руслановдун бул алгачкы ийгилиги эмес. Ал 14-бүткүл орусиялык элдик чыгармачыл сынак-фестивалына «Виват, Жеңиш!» номинациясы боюнча катышып, 3-орунга ээ болгон. Анда Россия, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстандан келген ырчылар ат салышкан. 

Эң көп окулган жаңылыктар