15:51
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

«Кумтөр» кенинде болгон кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штаб түзүлдү

Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» кенинде жер астында калган эки кызматкерди издөөдө атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, штабка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирди.

«Кумтөр» ишканасынын табылбай жаткан эки кызматкерин издөө-куткаруу боюнча кендеги тийиштүү адистер менен биргеликте иш жүрүүдө. ӨКМден 64 жана ишканадан 28 куткаруучу күнү-түнү издөөдө.

ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
12-декабрь, бейшемби