21:59
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Москвада Кыргызстандын 3 жараны ымыркайды сатууга шектүү делип кармалды

Москва шаарында Кыргызстандын 3 жараны ымыркайды сатууга шектүү делип кармалды. Бул тууралуу «Москва» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, полицияга кыргызстандык 22 жаштагы келин кайрылып, уурдалган наристе тууралуу билдирген. Айтымында, өткөн жылдын октябрында интернет аркылуу кыргызстандык үй-бүлө менен таанышат. Ал кош бойлуу болгондуктан ушул жылдын августунда толгоосу башталып, интернет аркылуу таанышкан жубайларга байланышка чыккан. Алар медициналык тез жардам кызматын чакырбоону сунуштап, төрөт үйүнө өздөрү жеткиришкен. Ал эми төрөттөн кийин арыз ээсинин абалы оорлоп, 2 жума ооруканада жатып калат.

«Арыз ээси эркек баласын жердештерине берип, ооруканадан чыккандан кийин ала турган болот. Бирок жердештери ымыркайдыөздөрүнө каттатып алышканын, жаш келин өзү баланы багууга алы жетпей турганын айтышкан. Арыздануучу баласын багып алган үй-бүлө жашырынып жүргөнүн айткан», — деп жазылат билдирүүдө.

Айрым маалыматтарга ылайык, келин баласын багуудан баш тарткан делүүдө. Интернеттен таанышкан кыргызстандык жубайлар баланы өздөрүнө алуу максатында, келинге 150 миң рубль беришкени айтылат.

Жыйынтыгында окуя боюнча жаш баланы алып-сатуу фактысы менен кылмыш иши козголду. Баланы төрөгөн келин, кыргызстандык жубайлар — үчөө тең камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби