19:48
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Ымыркайларды сатууга шектүү делген жарандардын бирөө үй камагына чыгарылды

Жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатууга шектүү делген жарандардын бирөө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды. «Шектүү кармалып жаткан тергөө абагына бир канча жолу тез жардам келген, анткени аял оорулуу болгондуктан ага операция жасатуу зарыл», -деп билдирди булак.

ИИМ аталган фактыны тастыктады. Бирок себебин айтышкан жок.

Эске салсак, Бишкекте тартип сакчылары балдарды сатууга шектелген дарыгерлерди кармашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар