09:51
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бала сатуу. Дарыгер ымыркайды таанышынын үйүнө таштаган

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда балдарды сатуу тууралуу кылмыш иши боюнча процесс уланууда. Сот күбө катары акушерди суракка алды. Айтымында, соттолуучу Чолпон Кененбаева андан жаңы төрөлгөн ымыркайды карап тур деп суранган.

«2018-жылы Чолпон Кененбаева жаңы төрөлгөн кызды алып келип, 2 күнгө карап бер деди. Ымыркай аябай эле кичинекей болчу, анын жашоосу үчүн корктум. Чолпон мага 1000 сом жана бөтөлкө берип кетип калды. Кийин ал телефонун өчүрүп койду. 2 күндөн кийин кызды балдар үйүнө берейин дегем, бирок 12 жылдан бери балалуу боло албай жүргөн аялга бер деп көндүрүштү. Менин оюмча, бала балдар үйүндө чоңогондон көрө, толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгону жакшы», -деди ал.

Эске салсак, Бишкекте буга чейин бала сатууга шектүү дарыгерлер кармалган. ИИМдин маалыматы боюнча, балдарды сатуу боюнча 3 факты аныкталды. Дарыгерлер балдарды гана сатып тим болбостон, жаңы ата-энелерге балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн дагы жасап берип турушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума