11:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

3,3 миллион сом карыз. Бишкектин 2 миң 200дөн ашуун абоненти жарыксыз калат

Бүгүн «Түндүкэлектр» ААК Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 2 миң 200дөн ашуун турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Бул тууралуу ААКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, абоненттердин карыздарынын суммасы 3,3 миллион сомду түздү.

ААК ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында, Тейлөө борбору иш күндөрү тыныгуусуз саат 08:00 дөн 17:00 чейин, ишемби күнү саат 08:00 дөн 12:00 чейин иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар