19:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жөнөкөй, сулуу, көйрөң, сырдуу, чыр. Мырзаларга арналган обондуу ырлар

Кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы ырлардын басымдуу бөлүгү айымдарга арналган. Анда аялзатынын сулуулугу, улуулугу даңкталып, алардын эркелиги, назданган кылыктары баса белгиленет.

Чыгармалардын арасында мырзаларга арналган ырлар өтө сейрек болсо дагы, анда кыргыздын жигиттеринин намыскөйлүгүнөн тарта жөнөкөй, сулуу, көйрөңдүгүнө чейин баяндалат. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

24.kg агенттиги мырзаларга арналган ырларды тизмектеди.

Мырзаларга арналган чыгармалардын сап башында сөзү Кыялбек Урмамбетовго, обону Тургуналы Нурматовго таандык «Кыргызымдын жигиттери» аттуу ыр турат.

«Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!», — деп чыгармада мырзалардын мыкты сапаттары сүрөттөлөт. 1990-жылдардан кийин ырды Клара Алибекова аткарып чыгып, ошол кезде мыкты чыгармалардын катарын толуктаган.

Алина Жетигенованын мырзаларга арналган ырларынан үчөө: «Көйрөң жигит», «Сулуу жигит» жана «Арген». Бул 3 чыгарма тең 1990-жылдары хитке айланган. Биринчисинде мактанчаак, обу жок жигит, кийинкисинде ашык болуп калган мырза тууралуу кеп болот. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Ал эми «Арген» аттуу ырда кеч келген махабат баяндалат.

30 жылдык тарыхы бар легендарлуу «Кыз-Бурак» тобунун «Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын» аттуу ыры аскерде милдетин өтөп жаткан жоокерлерге арналган. Чыгарма «Эр жигит- эл четинде, жоо бетинде» деген макалды эске салат.

Аталган топтун дагы бир белгилүү ыры «Эх, байке» деп аталат. Автору Эмгек сиңирген артист Бек Борбиев. Учурунда бул ырды Асел Турдалиева аткарып чыккан. Анда ашык болуп калган кыздын баяны айтылат. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Мындан тышкары «Практикант агай» чыгармасында мугалимине ашык болгон кыздар сүрөттөлөт.

Жөнөкөй мырзаларга арналган чыгарма «Жөнөкөй жигит». 2000-жылдары бул ырды Султан Садыралиев ырдап, атагы алыска кеткен эле. Акыркы кезде чыгарма Ильяз Андаштын аткаруусунда жаңырууда. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Мырзалардын ысымдары аталган чыгармалар жокко эсе. Болгону Өзбекстандагы Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусовдун «Эламан», Чырмаш Төрөбековдун «Сүймөнкул», Азамат Сарыбаевдин «Кыргыз уулу Манас», төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин «Курманбек» аттуу чыгармаларын атасак болот.

Ал эми жоокерлерге арналган ырлардын катарын Анжеликанын «Жоокерге», Айбек Касымовдун «Жоокер издери», НУР тобунун «Жоокерим» чыгармасы толуктайт.

Рэп ырчысы Бегиш, NO COMMENT тобунан «Жигит», Асел Касымованын «Сулуу жигит», Динара Тилекееванын «Жигиттин гүлү», Добрдын «Делай, брат!», «Эр жигиттер», Кайрат Примбердиев менен Куралбек Чокоевдин «Шаардык жигит», Жыпара Нуракованын «Бозойго», Акбар Сүйүнбаевдин «Эр жигити кыргыздын», Өктөм Сапар уулунун «Жигиттер», Индира Эшиеванын «Кыргыз жигиттер дерзкий», Венера Сатылганованын «Бийле, жигит», Гүлсүн Мамашеванын «Жигитке», Чолпонайдын «Мырзага», Аида Кулуеванын «Сырдуу жигит», Бактыгүл Бадыеванын «Кыялымдын мырзасы» аттуу ырлары жалаң мырзаларга арналган. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Өктөм Сапар уулу. "Жигиттер"

Эрке жана чыр балдарга арналган чыгармалардын катарында Тынчтыкбек Айылчиевдин «Эрке баласы», «Ак Шоола» балдар хорунун «Чыр баласы» бар.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. «Ак Шоола» балдар хору. «Чыр бала»

Ал эми инилерге арналган чыгарманы «Кыз-Бурактан» чыккан ырчылар Айжамал Кабылова жана Гүлнара Калдарова, ошондой эле Данияр Эрматов аткарышкан. Ырдын аталышы — «Үйлөн иним». 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды




Эң көп окулган жаңылыктар