02:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эмнеге маалыматты текшербейсиңер? Искендер Матраимов журналисттерге ачууланды

Депутат Искендер Матраимов «Азаттык» радиосунун журналисттеринен маалыматты жарыялаар алдында текшерүүнү талап кылды. Ал Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда жогорку тон менен сүйлөдү. 

Депутаттар бүгүн аткезчилик менен күрөшүү боюнча өкмөттүн отчетун карап жатышат. Ага Искендер Матраимов дагы келди. Ал эмоцияга алдырып, үнүн жогору көтөрүп сүйлөдү. 

«Бүгүн «Азаттык» Каржы полициясынын башчысы баарына үй-бүлө күнөөлүү, аткезчиликке бизди айыптаганын айтты деп маалымат таратышты. Эмнеге андай деп айтасыз?» — деп депутат Каржы полициясынын башчысы Бакир Таировго суроо берди. 

Депутат Бакир Таировдон кантип ушундай маек бердиң деп, жооп берүүнү талап кылды. Бирок, Каржы полициясынын башчысы андай деп айтпаганын билдирди. Депутат ачууланып журналисттерге кайрылды. 

«Бул жакта көптөгөн журналист отурат. «Азаттыктан» ким бар, жооп бергиле? Кайсыл бир уйгурдун сөзүнө шилтеме кылып мындай нерселерди айтууга эч ким укук берген жок. Эмнеге силер ушундай нерселерди жазып жатасыңар? Мен азыр Юсуров тууралуу (Депутат Абдумажит Юсуров) бир нерсе десем, аны дагы жазасыңарбы? Эмнеге маалыматты текшербейсиңер?» — деп нааразы болду Искендер Матраимов.

Эң көп окулган жаңылыктар