16:51
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Текебаев менен Чотоновдун иши. Роза Отунбаева 2010-жылдагы окуя тууралуу

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылып жатат. 

Бүгүн экс-президент Роза Отунбаева күбө катары сурак берүүдө. Ал 2010-жылдын 12-13-майы өлкө үчүн маанилүү күн (апрель окуясында каза болгондордун кыркылыгы) болгонун айтты. 

«Мен анда каза болгондордун ата-энелери менен жолуккам. Биз "Ата-Бейит" комплексине барганбыз. Кийин Нариман Түлеев "Аю" компаниясынын директорун чакыртып, анын заводун тартып ала тургандыгын, убактылуу өкмөттү кулатууга жардам сурагандыгы тууралуу маалымат тарады. Ош менен Жалал-Абадда татаал жагдай болду. Биз 12-майда чогулдук, өкмөттүн имаратын ыктыярчылар кайтарып турушту. Түштүктөн дагы маалымат тарады, анда Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыков Ошто элди жыйнап төңкөрүш жасоого ниеттенип жатканы айтылат. Биз Дүйшөнкул Чотоновго тапшырма бердик, ал Ошко учуп кеткен", - деди Роза Отунбаева. 

Ал Дүйшөнкул Чотонов менен Өмүрбек Текебаев 2010-жылдын 12-13-майында "Супара" этнокомплексинде болбогондугун кошумчалады. 

«Чотонов Ошко учуп кетти, Исмаил Исаковду атайын өкүл кылып, губернаторлорду алмаштырдык. Текебаев менен Чотонов "Супарада" болду дегенге таң калам. Бул жалган, анткени биз маанилүү документтерди кабыл алып жатканбыз", - деди Роза Отунбаева. 

Эң көп окулган жаңылыктар