23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот.
Чүйдө түнкүсүн −2...-7, күндүз −2...+3, Таласта түнкүсүн −4...-9, күндүз −4...+1, Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн −2...+3, күндүз 1...6, Ысык-Көлдө түнкүсүн −1...-6, күндүз 0...5, Нарында түнкүсүн −2...-7, күндүз 0...5 градус суук болот.
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн −1...-3°, күндүз 3...5 градуска түшөт.