11:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кой-Таш окуясы. Комиссиянын бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүндө, комиссиянын жетекчиси вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын мүчөлөрү менен жолугуп Кой-Таш окуясынын жагдайлары ар тараптуу иликтенгенин айтты.

Документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшкан.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар