15:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Чыгыш-5» кичи районундагы калайман мушташтын катышуучуларынын өздүгү аныкталды

Милиция Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районундагы калайман мушташтын катышуучуларынын өздүгүн аныктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, мушташкандардын баардыгы тергөө кызматына алынып келинди.

Мушташка катышкандар:

— Р.Н. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну;

— Н.Р. 2000- жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну;

— А.Б. 2001-жылы туулган, Бишкектин тургуну;

— Б.Б. 2001-жылы туулган, Бишкектин тургуну;

— Ж.Б. 1998-жылы туулган, Нарын облусунун тургуну;

— У.К. 1997-жылы туулган, Нарын облусунун тургуну;

— Э.Н. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну;

— Т.А. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну.

Эске салсак, Бишкектеги калайман мушташта бир киши жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар