00:13
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 269 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (18.11.19-ж.) 269 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 202си жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 82си ооруканага жаткырылды, алардын 71и жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 52 адам кайрылса, 29у ооруканага жаткырылып, 23 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 41 адам кайрылган, алардын 13ү ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар