13:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан кондитердик азыктар табылды

Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан кондитердик азыктар табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда А. Ж. аттуу кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «Мерседес-Бенс 1823» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Анда жалпы салмагы 5 миң 344 килограммдык жүк табылды. 

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 914 миң 60 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби