Токмоктун көчөлөрүндө күйүүчү-майлоочу майды канистр жана бөтөлкөгө куюп сатышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.
«Бул абдан кооптуу! Сапаты үчүн эч ким жооптуу эмес, салык да төлөшпөйт», — дейт окурман.
Эске салсак, күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келүү тууралуу маалыматты 0312613189 ишеним телефону аркылуу билдирсе болот.