05:05
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Талас облусунда күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташыган унаа кармалды

Талас облусунда күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Мерседес Бенц Спринтер» унаасы колго жасалган кошумча бакка 1 тоннадан ашуун дизелдик отун ташып бара жаткан. Анын үстүнө көмүр түшүрүп, жашырып коюшкан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Унаа айып короосуна киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби