17:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ысык-Көлдө чоочун кишилер жетим балага мал кайтартып жатышат

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Булуң айыл өкмөтүндөгү Фрунзе айылында чоочун кишилер жетим балага (болжол менен 8-9 жаштарда) мал кайтартып жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акыйкатчынын облустагы жардамчысы, «Акцент» коомдук фондунун өкүлү Анна Макарова билдирди. 

Ал баланын иштеп жатканы тууралуу маалымат алып, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен бирге окуя болгон жерге келген. «Баланын аты Илья, анын ата-энеси каза болуп калыптыр. Мектепке да барбайт экен. Ал бир бай үй-бүлөнүн колунда мал багып, уй саайт. Жаңы үй-бүлө балага Кыргызбай же жөн гана «Эй» деп кайрылышат. Илья аба ырайынын шартына карап кийинген эмес (резина өтүк жана кофта), кебетеси начар, от жагуучу бөлмөдө жашайт», — деди Анна Макарова.

Үйдүн кожойкеси баланы балдар үйүнө берем, ал жакта сени урат. Болбосо милицияга берем, анда ого бетер жаман болосуң деп коркутуп алган.

Анна Макарованын айтымында, Ильянын туугандары бар, бирок алар начар жашашат. «Биз акт түзүп, ага айылдык кеңештин депутаты кол койду. Мен үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлдөрүнө чалып, окуя болгон жерге келгиле деп чакырдым. Алар баланы алып алгач ооруканага, андан кийин кайда алып бараарын чечишет деп үмүттөнгөм. Балким «SOS Балдар айылына» алып барышса болмок. Бирок мага «Бул сиздин ишиңиз эмес, аралашпаңы!», -деген жоопту айтышты. Алар баланы таанышат, ага документ даярдап жатышкан имиш. Анда эмне үчүн баланы ушундай абалга таштап коюшту? Ильяны ал үй-бүлөгө калтырууга болбойт. Ал окуп, билим алышы зарыл», — деди Анна Макарова.

Айтымында, акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча аймактык өкүлү окуя болгон жерге келген эмес.

Түп райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Алымкул Рымбековдун айтымында, Анна Макарова «бир аз адашууда». «Бала 11 жашта, анын ата-энеси азыр бала жашап жаткан үй-бүлөнүн колунда жалданып мал багышчу. Бирок, ата-энеси экөө тең каза болуп калды. Бала аталган үйдө көп жылдан бери жашап көнүп калгандыктан ошол жакта калды. Үй ээлери жакшы турушат. Кожоюндун баланы асырап алуу ниети бар, учурда документтерди топтоп жатат. Бала тууралуу үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм билишет», — деп жагдай боюнча 24.kg агенттигине түшүндүрмө берди ал.

Айтымында, Ильяны атасы тирүү кезинде мектепке жибербей койгон. Учурда аны кашардан 3-4 чакырым алыстыктагы мектепке берүүгө даярдыктар көрүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар