15:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Баткенде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 миң килограммдык коон табылды

Баткен облусунда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 миң килограммдык коон табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жүктүн жалпы суммасы 1 миллион 200 миң сом.

«Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы чиркегичи бар «ВОЛЬВО-FH12» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Айдоочу ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби