18:04
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кой-Таш окуясы. Комиссия корутундуну ушул жуманын акырында парламентке берет

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулованын сынын эске алышы мүмкүн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын мүчөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, корутундунун үстүнөн дагы иштеп жатышат. Парламентке ушул жуманын акырында киргизишет.

Клара Сооронкулова- корутундуга жалгыз каршы добуш берген. Анын билдирүүсүндө, комиссиянын корутундусу абдан бүдөмүк. Корутундунун өзүндө конкреттүүлүк жок жана анда атайын операцияны үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн УКМК менен ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги жазылган эмес.

«УКМК менен ИИМдин жетекчилеринин кызматтан кетиши боюнча Жогорку Кеңешке так сунуш жок. Мындан улам каршы добуш бердим. Корутундуга жөн гана хронология жазылды, бирок укуктуу баа берилген жок», — деди Клара Сооронкулова.

Алгач мамлекеттик комиссия менин сунушумду киргизүүдөн баш тарткан. Бирок азыр корутунду долбоорун иштеп чыгып, ага түзөтүү киргизишет.

Клара Сооронкулова

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар