08:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстанда кайрадан нан кымбаттады

Акыркы үч жуманын ичинде Өзбекстанда бөлкө нандын баасы экинчи жолу жогорулады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 5-ноябрда көпчүлүк аймактарда нан 100-200 сумга (0,01-0,02 доллар) кымбаттап, айрым дүкөндөрдө 1 миң 600 сумдан (0,16 доллар), базарларда 1 миң 700 сумдан (0,17 доллар) сатылууда.

15-октябрда Өзбекстанда бөлкө нандын баасы жогорулап, 1 миң 300-1 миң 500 сумга (0,13-0,15 доллар) жеткени кабарланган. Ага чейин нан 1 миң 100 сумдан (0,11 доллар) сатылып келген.

2018-жылдын сентябрына чейин өлкөдө бөлкө нандын баасы 600-650 сумду (0,06 доллар) түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума