23:26
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Эртең Ысык-Көл жана Ош облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең Ысык-Көл жана Ош облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Чыгышэлектр» жана «Ошэлектр» ААКдан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу Ысык-Көл облусунда саат 9.00дөн 17.00гө чейин Чолпон-Ата шаарында (чыгыш бөлүгү), Темировка, Кашат, Фрунзе, Кутургу айылдарында жарык өчөт.

Ал эми Ош облусунда саат 8.00дөн 17.00гө чейин Шарк, Бешбадам, Он-Адыр, Курбан-Кара, Ак-Колот, Жоош, Сары-Колот, Бирдик айылдары жарыксыз калат.

Эң көп окулган жаңылыктар