22:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Айтымында, «103» кызматынын унаасы «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кырсык Москва менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болду.

«Тез жардам унаасы атайын үн чыгарып белги берип келе жаткан», — дейт окурман.

Кечээ Бишкекте тез жардам унаасы менен «Сузуки» үлгүсүндөгү минивэн сүзүшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар