12:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте тез жардам унаасы минивэн менен сүзүштү. Жаш бала жабыркады

Бишкекте тез жардам унаасы менен «Сузуки» үлгүсүндөгү минивэн сүзүштү. Кырсык кечээ Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кырсыктан 2 киши жабыркады. Алардын бири жаш бала.

«Жабырлануучулар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Унаалар айып короосуна киргизилди. Алдын ала маалыматка ылайык, тез жардам унаасы каршы тилкеге чыга калган», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар