USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Шашылыш билдирүү. Тоолорго кар жаап, суук түшөт

11:42, 04 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланат.

5-6-ноябрь күндөрү абанын температурасы төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −0... −5° суук, күндүз +1...+6° жылуу.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...+5°, күндүз +7...+12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн −0...-5° суук, күндүз +2...+7°.

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −2...-7° суук, күндүз −1 ...+4°, тоолуу райондордо түнкүсүн −4...-9°, күндүз 0...-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −10...-15°, күндүз −1...-6° суук болот.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика