23:30
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Эртең Бишкекте «Маданият кызматкерлеринин күнү» белгиленет

Эртең Бишкекте «Маданият кызматкерлеринин күнү» белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында «Жаңы ысымдар» аталышында гала концерт өтөт. Майрамдын алкагында Кыргызстандын маданият жана искусство тармагынын өнүгүп өсүшүнө зор салым кошкон Кыргыз эл артисттери «Кызыл килем» аркылуу өтүп, маданият министрлигине караган мекемелерден жана окуу жайлардан мыкты деп тандалган чыгармалар жаңырат.

Ошондой эле, филармониянын фойесинде жаңы чыгып келе жаткан жаш сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, жаш кол өнөрчүлөрдүн, жаш акын- жазуучулардын көргөзмөсү орун алып, жалпы маданият тармагы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Мындан сырткары, иш чаранын алкагында жаш актер —актрисалардын катышуусу менен театрлаштырылган пролог коюулат.

Бүгүнкү күндө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы жалпы кызматкерлердин саны 11 миң 508 адамды түзөт. Алар, филармония, цирк, консерватория, китепканалар, музейлер, театрлар, музыкалык окуу жайлар, облустук телерадиокомпаниялар, облустук жана райондук гезит редакциялары, кинодирекциялар жана башка мекемелер болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар