06:19
USD 86.80
EUR 91.17
RUB 0.82

Талас облусунда мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү-майлоочу май аныкталды

Талас облусунда мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү-майлоочу май аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас районунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Текшерүү маалында унаадан 3,2 тоннадан ашуун АИ-92 үлгүсүндөгү бензин табылды.

Май тиешелүү документтери жок ташылып келингени анык болду.

Эң көп окулган жаңылыктар