14:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Данияр Нарымбаев Текебаевдин 2010-жылы 13-майда кайда болгонун айтып берди

2010-жылдын 13-майында Өмүрбек Текебаев Конституциялык кеңешменин отурумуна катышкан. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунда президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаев билдирди.

Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда.

«Өмүрбек Текебаев Конституциялык кеңешменин төрагасы болчу, мен катчылыктын жетекчиси катары уюштуруу иштерине жооп берчүмүн. Ошол күн биз үчүн маанилүү болчу, анткени «Хаятта» Венециялык комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушканбыз. Түштөн кийин биз кайра жолукканбыз. Анткени Конституцияга «светтик» түшүнүгүн киргизүү керекпи же жокпу, ушул маселени талкууламакпыз», — деди Данияр Нарымбаев.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев аларга кечки саат 18:00гө жакын кошулган. «Биз саат 21:00гө чейин отурганбыз. Көп талаш-тартыш болгон», — деди ал.

Айыптоонун башкы күбөлөрү Леонид Маевский жана Алексей Модин 13-майда «Супара» комплексинде формалдуу эмес жагдайда айыпталуучулар менен жолугушканын, алар «Альфа Телеком» ЖАКтын контролдук пакети үчүн 1 миллион доллар талап кылышканын айтышкан.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар