02:01
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чек арадан 22 тонна сарымсакты мыйзамсыз алып өткөн унаалар кармалды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жерден преформанын ассортиментин жана сарымсакты ташып кирүүдөгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1,5 миллион сом суммада 651 миң 856 даана преформанын ассортиментин жана 169 миң сом суммада 22 тонна сарымсакты алып өткөн унаалар кармалган. Бир импорттоочуда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болсо, ал эми экинчисинде маалымкаттын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен.

Материалдар мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар