20:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Автоунаа транспорту менен ташылган жүктөрдүн салмагы 30,5 миллион тоннадан ашты

Былтыр автоунаа транспорту менен ташылган жүктөрдүн салмагы 30,5 миллион тоннадан ашкан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (98 пайыздан ашыгы) жеке ишкерлер тарабынан жүргүзүлгөн.

«2018-жылы жүктөрдү ташуунун эң чоң көлөмү Чүй жана Ысык-Көл облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын чарбалык субъекттеринин транспортуна туура келди», -деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, республикада октябрь айынын акыркы жекшемби күнү автоунаа транспорту жана жол чарба кызматчыларынын күнү белгиленет.

2018-жылы узундугу 266,5 чакырым болгон жалпы мамлекеттик жана республикалык маанидеги, облустук жана жергиликтүү маанидеги — 24,5 чакырым, айыл чарбасындагы чарба ичиндеги жолдор — 76 чакырым узундукта катуу жабуусу менен автоунаа жолдору ишке киргизилген. «Түштүк транспорт жолу», «Ош-Баткен-Исфана», «Бишкек-Ош», «Талас-Тараз-Суусамыр», «Бишкек-Нарын-Торугарт» авто жолдорун оңдоо жана реконструкциялоо, «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу, ошондой эле «Борбор Азиядагы жол байланыштарын жакшыртуу» долбоору боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар