12:29
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жүк ташуучу унаа сууга кулап, айдоочу набыт болду

Бишкек-Жалал-Абад унаа жолунда жаратылыш газын ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа сууга кулап, айдоочу набыт болду. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып кеткен. Кесепетинен Чычкан дарыясына кулап түшүп, айдоочу ошол жерден каза болду.

«Газ сыртка чыккан эмес. «DAF» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 15 тонна жаратылыш газын ташып келе жаткан», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби