03:29
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Кара-Сууда унаа сүзүп кеткен аял ооруканада каза болду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда унаа сүзүп кеткен аял ооруканада өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган райондун Медресе айылында белгисиз айдоочу унаа менен жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Кесепетинен жабырлануучу Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза тапты.

Аталган окуяга тийиштиги бар делип Кара-Кулжа районунун 1974-жылы туулган тургуну кармалды.



Эң көп окулган жаңылыктар