15:41
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти

Бишкекте Toyota Wish үлгүсүндөгү унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бир кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ Матросов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болду. Айдоочу кармалып, унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар