01:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте автобустардын айдоочуларынын жарымы жол коопсуздук эрежелерин билбейт

Бишкекте автобустун айдоочуларынын жарымынан көбү жол кыймылынын эрежелери боюнча экзаменди тапшыра алышкан жок. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-11-октябрь күндөрү жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа ишканасында айдоочулар курамына пландан сырткары нускама өтүлдү. Алгачкы экзаменде 343 айдоочунун 188и керектүү балл топтой алышкан жок. Ал эми 24 киши жүйөөлүү себептерден улам экзаменге келишкен эмес.

Начар баа алган айдоочулар экинчи жолу экзамен тапшырып, жыйынтыгында тапшырмалардын баарын аткарышты.

Эң көп окулган жаңылыктар