16:13
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Чүйдө жеңил унаа менен поезд сүзүштү. 3 киши жабыркады

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жеңил унаа менен поезд сүзүштү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда кечээ «Fiat Panda» үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышка бара жаткан поезддин алдынан чыга калган.

«Кырсыктан жеңил унаадагы айдоочу жана эки жүргүнчү жабыркады. Алар аймактык ооруканага жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуянын себептери аныкталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар