05:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ошто жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

Ош шаарында 61 жаштагы кишини унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Масалиев проспектиси менен Монуев көчөсүнүн кесилишинен бүгүн саат 05:20да 1958-жылкы жаранды унаа сүзүп кеткен. Айдоочу изин жашырууга үлгүргөн, ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бирок, алган жаракатынан улам ал каза болду.

Айдоочу издөөгө алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар