07:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кызыл-Суу айылынын жаңы конушунда жол, суу жана жарык маселеси чечилбей келет

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын жаңы конушунда жол, суу жана жарык маселеси чечилбей келет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган конуштун тургуну билдирди.

Ал 2009-жылы пайдаланууга берилген конушта 30дай үй түшкөнүн айтат. «Электр жарыгы киргизилбегендиктен, башка столбага өз күчүбүз менен зым туташтырып алганбыз. Айыл өкмөттөн жардам жок. Эми столбаларды алабыз деп атышат. Эгер алса биз зымды каякка илебиз?», -деп суроо салат жергиликтүү тургун. 

Ал илең-салаң болуп илинип турган зымдар балдарга кооптуу экенин кошумчалаган.

«Жаңы конуш 3 көчөдөн турат, анын болгону бирөөсүнө гана кум төгүлгөн. Аны да суранып жатып жасаттырганбыз. Бирок, кумдун жарымы түртүлбөй жатат, жаан жааса кыйынчылык жаратат. Бул жакка унаа да кире албайт. Балдар мектепке барганда кыйналышат», -дейт жашоочу.

Ал сууну айылдын ичинен, алыс жактан ташып келип ичип жаткандарын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар