Милиция Москва районундагы жол кырсыгында жөө жүргүнчү каза болгон окуяга күбөлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-октябрда болжол менен саат түнкү 2де Александровка-Асылбаш айылдарынын 7-чакырымында белгисиз унаа жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кесепетинен 26 жаштагы А.М. окуя болгон жерде каза болгон.
Чүй ОИИББ кокусунан окуянын күбөсү болуп калгандардан 0312446422, 0707758720 телефон номурларына байланышка чыгууну суранат.