00:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте «Кут алчу билим» дастанынын жазылгандыгынын 950 жылдыгы белгиленет

Бишкекте Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» (Кутадгу Билиг) дастанынын жазылгандыгынын 950 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, баш калаада декабрь айларында эл аралык илимий- теориялык конференция Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте өтөт.

«Кут алчу биилм» -Жусуп Баласагындын 1069-1070-жылдары Баласагун шаарында жазган саясий-философиялык дастаны. Анын үч көчүрмө нускасы белгилүү. Бири 1439-жылы Герат шаарында (азыркы Түндүк Афганистанда) уйгур жазмасы менен даярдалган (Вена шаарында сакталууда). Экинчиси ХIV кылымдын биринчи жарымында араб жазмасы менен даярдалган Каир нускасы, булардын эң байыркысы — Наманган (Фергана) нускасы ХП кылымдын аягы ХШ кылымдын башында араб жазмасы менен көчүрүлгөн. «Кутадгу билиг» азыр бир катар тилдерге (немец, түрк, орус, өзбек, уйгур, англис, кыргыз жана башка) которулган. «Кутадгу билигдин» жалпы көлөмү 13 миң 444 ыр сабын түзөт.

 
Эң көп окулган жаңылыктар