07:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте бир сутка аралыгында 2 унаа күйүп кетти

Бишкекте бир сутка аралыгында 2 унаа күйүп кетти, алардын бири оңдоого жараксыз абалга келди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кызыл куруучу» калктуу конушунда бүгүн түнү Toyota унаасы толугу менен күйгөн. Дэн Сяопин проспектиси менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде «Audi-100» унаасы күйүп, салону жабыркаган.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума