Маңзат менен кармалган АКШлык жарандын Оштогу тергөө абагында кармалуу шартына нааразычылыгы жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБдан Оштогу № 5 тергөө абагына которулган Йии Дэниел Джеймстен арыз түшкөн эмес. Ал жалпы камерада кармалууда.
Кылмыш иштин экинчи фигуранты- АКШнын жараны Павел Девяткин үй камагына чыгарылган болчу. Анткени, Йии Дэниел Джеймс күнөөнү мойнуна алып, баңгизат өзүнө гана таандык экенин айткан.
Йии Дэниел Джеймс жана Павел Девяткин 19-сентябрда бир килограмм марихуана менен кармалышкан.