17:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто унаа башкарып бара жаткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду

Ош шаарында унаа башкарып бара жаткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Окуя кечээ болгон.

1960-жылы туулган С.А. өзүнүн «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, кокусунан жүрөк оорусу кармап калган. Ал жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзүп, окуя болгон жерден каза болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума