22:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Окуучу автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон. Айдоочу кармалды

Бишкекте автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун окуясы боюнча автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Факты Сокулук РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Автобус айып короосуна киргизилди.

Эске салсак, кечээ Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылында жол кырсыгынан окуучу каза болду. 


Эң көп окулган жаңылыктар