02:36
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ысык-Көлдө кар көчкү басып калган эки чабан куткарылды

Ысык-Көлдө кар көчкү басып калган эки чабан куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, Төрт-Көл айыл аймагынын Тоң ашуусунда мал-жандыктарын айдап бараткан эки чабанды кар көчкү басып калган. Көчкү астында калган 43 жана 46 жаштагы малчылар өз алдынча көчкүнүн астынан чыгып, жардам сурашкан.

Окуя болгон жерге 6 куткаруучу, тез жардам кызматы жана айыл аймагынан 7 адам тартылып, жабыркагандарды Тоң райондук ооруканага жеткиришкен.

«Учурда абалдары канааттандырарлык, бутунан жана жамбашынан жаракат алышкан. Ал эми мал-жандыктарды туугандары айылга айдап кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар