USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Абдрахман Муртазалиев энчилүү саат менен сыйланды

12:28, 04 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков грепплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдрахман Муртазалиевди энчилүү саат менен сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага спортчулардын талыкпаган эмгегинин арты менен эл аралык деңгээлдеги таймаштарда жана дүйнөлүк чемпионаттарда Кыргызстандын желеги бийикте желбиреп жатканына токтолду. Ошондой эле акыркы учурларда жаштар спортко өзгөчө көңүл буруп, мамлекет да аймактарды жаңы спорттук комплекстер менен камсыздоону колго алганын белгиледи.

Белгилей кетсек, кичинекейинен спортко кызыккан Абдрахман Муртазалиев бир тууганы менен бирге «Kyrgyzstan Top Team» академиясында машыгып келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика