23:46
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат: Индиядан контрабандалык жол менен насвай алынып келиптир

Индиядан контрабандалык жол менен насвай алынып келиптир, акцизи жок, демек, көзөмөл дагы жок. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Биз кыргыз жарандарынын саламаттыгын сактап калышыбыз керек. Мына, менин колумда кооз таӊгакталган насвай турат. Насвайдан жылына 6 миӊден ашуун адам өлөт экен, калктын ден-соолугуна кам көргөнүбүз ушулбу? Мындай жосунга кимдер жол берип жатат, укук коргоо органдары тактап, ага бөгөт коюшу зарыл», -деди депутат.

«Бул насвай пакети жөн эле кооз пакет эмес, «Рахат алыӊыз!» деп бадырайта жазганына караганда, адамдарды насвай чегүүгө үндөп жатат. Эгер биз жарандарыбыздын саламаттыгына чындап эле кам көрөлү десек, анда насвайга да, биз тамекиге да, алкоголдук ичимдиктерге тыюу салган мыйзам кабыл алып, анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек», — деди Айнуру Алтыбаева.

Эң көп окулган жаңылыктар